Бишкек шаары2010-жылдын 28-январы № 1638-IV КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн(2009-жылдын 18-декабрындагы № 772 токтом) "Жергиликтүү өз алдынча баш-каруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамы кабыл алынсын. 2. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык жергиликтүү өз ал-дынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынын ченемдик укуктук актыларынкаттоо маселелерин регламенттөөчү ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуужана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизүү Кыргыз Рес-публикасынын Юстиция министрлигине сунушталсын. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы З.Курманов