Бишкек шаары2010-жылдын 4-февралы № 1652-IV КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ КНСтин жана салык салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-ноябрындагы № 699 токтому менен белгиленген сатуулардан алынуучу салыктын суммасын өзүнчө сапка бөлүү менен ысык сууга, жылуулук жана электр энергиясына тарифтерди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине тапшырма тууралуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексине каршы келүүлөрдү болтурбоомаксатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кылат: 1. КНСтин жана сатуулардан алынуучу салыктын суммасын өзүнчө сапкабөлүп көрсөтүү менен салык салуу максатында ысык сууга, жылуулук жанаэлектр энергиясына тарифтерди КНСтен жана сатуулардан алынуучу салыктыэсепке албастан бекитүү Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинетапшырылсын. Мында жогоруда көрсөтүлгөн тарифтер Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2009-жылдын 12-ноябрындагы № 699 токтому менен бекитилген та-рифтерден ашпоого тийиш. 2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.А.Шадиев)жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы З.Курманов