Бишкек шаары2010-жылдын 4-февралы №1654-IV КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Материалдык эмес маданий мурасынын мамлекеттик реестрин түзүү жөнүндө Маданий мурас Кыргыз Республикасынын негизги руханий жана маданийбаалуулугу, салтка айланган тарыхый-маданий жашоо чөйрөсүн жана улуттукөзүн ањдап-сезүүнү сактап калууга мүмкүнчүлүк берген улуттукөзгөчөлүктүн негизи болуп саналат. Маданий мурасты сактап калуу-коомдунандан ары өнүгүшүнүн негизи. Элдердин ортосунда жакындашууга жана өз ара түшүнүшүүгөкөмөктөшүүчү фактор катары маданий мурастын баа жеткис маанисин эскеалып, ошондой эле материалдык эмес мурасты сактоону, өнүктүрүүнү жанаанын ролун жогорулатууну камсыз кылуу максатында Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењеши токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Материал-дык эмес маданий мурасынын мамлекеттик реестрин иштеп чыгуу үчүн тие-шелүү мамлекеттик органдардын, мекемелердин өкүлдөрүнөн, эксперттерденжумушчу топ түзсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттикагенттиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы ЮНЕСКО иш-тери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы менен биргелешипЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк маданий мурасынын Тизмесине киргизүү үчүн ма-териалдык эмес маданий мурастын репрезентативдик тизмесин даярдасын. 3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Ма-териалдык эмес маданий мурасынын мамлекеттик реестрине киргизилүүгө ти-йиш болгон чыгармалардын автордук укугун Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына ылайык каттоону жүзөгө ашырсын. 4. Жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар ушул токтомдун атка-рылышынын жүрүшү жөнүндө 3 айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогор-ку Кењешине маалымдасын. 5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынЖогорку "Кењешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча коми-тетине (И.К.Жунусов) жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасынын орун басары Ч.Баекова