Бишкек шаары2010-жылдын 12-февралы № 1678-IV КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ Республика боюнча жаратылыш газы менен жабдуунун абалы жана Ош менен Жалал-Абад шаарларында газдын өчүрүлүшү жөнүндө Республика боюнча жаратылыш газы менен жабдуунун абалы жана Ош ме-нен Жалал-Абад шаарларында газдын өчүрүлүшү жөнүндө Кыргыз Республика-сынын энергетика министри И.А.Давыдовдун маалыматын угуп жана талкуу-лап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши Кыргыз Республикасынын Энер-гетика министрлигинин, "Кыргызгаз" ААКсынын жана анын түзүмдүкбөлүкчөлөрүнүн бул маселедеги жетишсиз ишин белгилейт. 2009-жылдын акырына алганда "Кыргызгаз" ААКсынын "Узтрансгаз" АК-сынын алдындагы карызы 3,6 млн. АКШ долларын түзгөн. 2010-жылдын янва-рынын жана февралынын 10 күнүн ичинде "Узтрансгаз" АКсынан республикага9,8 млн. АКШ доллары суммасына жаратылыш газы келип түшүп, "Кыргызгаз"ААКсы тарабынан 8,2 млн. АКШ доллары төлөнүп берилген. Натыйжада жөнөтүлгөн жаратылыш газы үчүн жалпы карыз 2010-жылдын11-февралына алгандагы абал боюнча 5,2 млн. АКШ долларын же 231,4 млн.сомду түзгөн. Жалпысынан республика боюнча керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы2010-жылдын 1-январына алгандагы абал боюнча 360 млн. 267 мињ сомду,анын ичинде калктын карызы 199,8 млн. сомду түзгөн. 2010-жылдын 1-январына алгандагы абал боюнча Бишкектеги газ чарбабашкармалыгында дебитордук карыз 141,7 млн. сомду, анын ичинде калктынкарызы 98,6 млн. сомду, Ош газ чарба башкармалыгында - тиешелүүлүгүнөжараша 68,3 млн. сомду жана 66,3 млн. сомду, Жалал-Абад газ чарба баш-кармалыгында - 58,95 млн. сомду, анын ичинен Майлуу-Суу электр лампазаводунун карызы - 54,4 млн. сомду түзгөн. Керектелген жаратылыш газы үчүн акча каражаттарын жыйноодо өтүпжаткан жылда да олуттуу кемчиликтерге жол берилүүдө. 2010-жылдын 1-фев-ралына алгандагы абал боюнча Бишкектеги газ чарба башкармалыгында ке-ректелген жаратылыш газы үчүн жыйындар пландаштырылган 185,4 млн. сом-дун ордуна иш жүзүндө болгону 86,8 млн. сомду, Оштогу газ чарба башкар-малыгында - тиешелүүлүгүнө жараша - 47 млн. сом жана 15 млн. сомду, Жа-лал-Абаддагы газ чарба башкармалыгында - тиешелүүлүгүнө жараша 7,8 млн.сом жана 6,5 млн. сомду түзгөн. Анын үстүнө "Кыргызгаз" ААКсы тарабынан жаратылыш газынын жоготуу-ларын азайтуу боюнча жетиштүү чаралар көрүлбөй жатат. Ошондуктан жара-тылыш газынын жалпы жоготуулары республика боюнча 2009-жылда 2008-жыл-дагыга карата алганда 11,0 пайызга көбөйгөн жана келип түшкөн газдынжалпы көлөмүнүн 24,2 пайызын түзгөн. Жаратылыш газынын жоготууларынын жалпы көлөмү өтүп жаткан жылдаделе жогорку дењгээлде бойдон калууда. 2010-жылдын январында жоготууларреспублика боюнча 21,3 пайызды, анын ичинде Оштогу газ чарба башкарма-сында - 47,3 пайызды, Баткендеги газ чарба башкармалыгында - 38,6 па-йызды, Бишкектеги газ чарба башкармалыгында - 19,8 пайызды, Жалал-Абад-дагы газ чарба башкармалыгында - 14,6 пайызды түзгөн. Жаратылыш газын керектөөчүлөрдүн олуттуу карыздарынын айынан "Кыр-гызгаз" ААКсынын көрсөтмөсү боюнча 2010-жылдын 3-февралында Ош жана Жа-лал-Абад шаарларынын керектөөчүлөрүнүн дээрлик жарымына жаратылыш газынберүү өчүрүлгөн. Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењеши токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - өлкөнүн бардык региондоруна жаратылыш газын жөнөтүү боюнчаүзгүлтүктөрдү болтурбоочу чараларды көрсүн; - жөнөтүлгөн жаратылыш газы үчүн Өзбекстан Республикасынын алдын-дагы карызды тындыруу үчүн "Кыргызгаз" ААКсын 5,2 млн. АКШ доллары сум-масында токтоосуз субсидияласын; - керектелген жаратылыш газы үчүн олуттуу карыздарга жол берген"Кыргызгаз" ААКсынын жана анын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жетекчилигининжоопкерчилигин карасын. 2. Бишкек (Н.Т.Тюлеев), Ош (М.Ж.Мырзакматов), Жалал-Абад(Т.Б.Акамбаев) шаарларынын мэрлери, "Кыргызгаз" ААКсынын башкы директо-ру (С.К.Айтикеев) керектелген жаратылыш газы үчүн ишканалардын жанакалктын акча каражаттарын жыйноонун толуктугун камсыз кылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы: - мунун өзү алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен ке-пилденген укуктарын тике бузуу болуп саналып, керектелген жаратылыш га-зы үчүн акы төлөөнү өз убагында жүзөгө ашырган жарандарды кошуп алгандатурак-жай конуштарына газ берүүнү жапырт өчүрүүгө алып келген аракетте-ри жана аракетсиздиктери үчүн бардык дењгээлдеги газ чарбаларынын же-текчилеринин жоопкерчилигин карасын; - жаратылыш газын ченемдерден ашык жоготууларга жол берүүгөкүнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартсын. 4. Жогоруда көрсөтүлгөн органдар кабыл алынган чаралар жөнүндөКыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине 2010-жылдын 1-июнуна карата ма-алымдасын. 5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетине(А.С.Кулбаев) жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы З.Курманов