Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели № 52/XX – 1
“Юридикалык жактар үчүн ичүүчү суунун жана саркынды суулардын акысынын төлөө өлчөмүн бекитүү жөнүндө”
Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн “Юридикалык жактар үчүн ичүүчү суунун жана саркынды суулардын акысынын төлөө өлчөмүн бекитип берүү тууралуу”кайрылуусун карап чыгып, юридикалык жактар үчүн ичүүчү суунун жана саркынды суулардын акысынын төлөө өлчөмүнүн калькуляциясы менен таанышып көрүп, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1. Кайыңды шаарынын аймагындагы юридикалык жактар үчүн ичүүчү суунун жана саркынды суулардын акысынын төлөө өлчөмү төмөнкү тартипте бекитилсин:
- ичүүчү суу үчүн – 1 куб. м. -12 сом 37 тыйын
- саркынды суулар үчүн – 1 куб.м. - 8 сом 66 тыйын
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |
Кайыңды шаарынын калкы жана уюмдар үчүн 1 м 3 саркынды суулардын наркын кабыл алуу калькуляциясы.
)Электр энергиясына чыгымдар 11520 квт/бир ай *2,5 с = 28880 сом/ бир ай
2) Амортизациялоо= 10000 сом/бир ай
3) Ремонттоо Фонду= 20000 сом/бир ай
4) Атайы кийимдер, инвентарлар 2000 сом/ бир ай
5) Эмгек акысы= 48950 сом/бир ай
6) Социалдык чегерүүлөр 8444 сом/ бир ай
Баардыгы: 118194 сом\ бир ай
1) КЧжЭ калк ченем боюнча 2.04.01.85- 3109 адам*5,1м3= 15856 м3
2) КЧжЭ уюмдар үчүн 2.04.01.85- 402 адам*5,1м3= 2050 м3
Баардыгы: 17906 м3
Саркынды сууларды 1м3 наркын кабыл алуу
118194 сом/17906 м3 -= 6,60 сом
Накладной 5%=6,93 сом
Калк үчүн саркыды суулардын 1м3 наркын кабыл алуу
6,93 сом*5,1 м3 =35,34 сом
Уюмдар учун
118194 сом/17906м3 6,60 сом
Накладной 5% 6,93 сом
Рентабелдүүлүк 25% 8,66 сом
Саркынды сууларды уюмдар үчүн 1м3 кабыл алуу баасы 8,66 сом