Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-февралы № 4
“Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринен алынуучу жер салык ставкасын жогорулатуу жѳнγндѳ”
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин салык ставкаларын жогорулатуу жѳнγндѳгγ маселени карап чыгып жана талкулап, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
т о к т о м к ы л а т
1 Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин аймагындагы айыл чарба жерлеринен алынуучу жер салыгынын ставкасын 2017-жылга карата 20% жогорулатылган ѳлчѳмдѳ бекитилсин. (тиркеме сунуш тиркелет)
2 Айыл чарба жерлеринен алынуучу жер салыгын 20% жогорулатылган ѳлчѳмдѳ жер ээлеринен жер салыгынан ѳндγрγлγшγ Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3 Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имамов |