Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 10/11-27
“Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2017 –жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө”
Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджети бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын маалымдамасын угуп жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши
токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата түзгөн бюджети негизги каражаттар боюнча киреше булагы 7458,0 сомго жана чыгаша булагы 7458,0 сомго ,атайын каражаттар боюнча 1000,0 миң сомго бекитилсин.
2.Каржы-экономикалык бөлүмүнүн кызматкерлери Көчөралиева С,Жумабекова П, Джолбунова Д,
-айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн толтуруу максатта салык жана салык эмес төлөмдөрдүн ошондой эле мурунку жылдардан калган карыздарды чогултуунун негизинде 100% аткаруу милдеттендирилсин
3.2016-жылдан калган 244,5 мин сом эркин калдык бекитилсин. Атайын каражаттардын эркин
калдыгы 134,6 мин сомго бекитилсин.
4.Калган каражаттардын эсебинен каралган чыгымдардан тышкары жүгүртүүгө кассада накталай акча көлөмү 30,0 сомго бекитилсин
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нуманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы
боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Иманов
|