Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 11/11-27
“Нурманбет айыл аймагындагы балдар бакчаларынын төлөм акыларын бекитүү жөнүндө”
Нурманбет айыл аймагындагы балдар бакчаларынын төлөм акысын бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши
токтом кылат:
1.Нурманбет айыл аймагындагы “Гүл балалык” жана “Эпкин-Нур” балдар бакчаларынын ата-энелер салымы 1 айга 1 балага төлөм акысы 1000сом чегинде бекитилсин
-балдар бакчаларынын балдарга сарпталган тамак-ашынын ченеми ар бир балага күнүнө 50 сом ата-энелер салымынан каралсын.
2. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Иманов |