Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 12/11-27
“Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында кыймылсыз мүлккө салыкты жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициент Кз аныктоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 17.10.2008 -ж Салык Кодексинин № 339-беренесинин 4П ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерди , калктуу конуштардын жерлери үчүн салыкты киргизүү жана салык салынуучу мүлктүн наркын аныктоо тартиби жөнүндө № 327 беренени аткаруу максатында Нурманбет айылдык кенеши
токтом кылат:
1.Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында 2017-жылга айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жана жеке жактардын кыймылсыз мүлктөрунө жер салыгынын чөлкөмдук коэффициенти аныкталсын.
-кыймылсыз мүлккө салыкты жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициенти Кз-1,2 өлчөмдө аныкталсын
2..Нурманбет айыл өкмөтүнө:
-бул токтом Чуй-Бишкек юситиция башкармалыгына ченемдик –укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн бекитилсин.
-бул токтомдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нуманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Иманов |