Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 13/11-27
“Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы штаттык жүгүртмөсүнө өзгөртүү киргизүү жана каржы каражатын сарптоо жөнүндө”
Нурманбет айыл өкмөтүнүн штаттык жүгүрмөсүнө өзгөртүү киргизүү жана каржы каражатын сарптоо жөнүндө каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын маалымдамасын угуп жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши
токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-августундагы №451 токтому менен бекитилген штаттык жүгүртмөдөгү эскертмеге ылайык Нурманбет айыл аймагында аскер милдетиндегилердин саны 1115 адам болгондугуна байланыштуу аскердик эсепке алуу инспектору кызмат ордуна 1 ставка ачылсын
2.Нурманбет айыл өкмөтүнүн архивине архивариус кызматы штаттык бирдик болуп жүгүртмөгө киргизилсин
3.Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын негизги жана атайын эсептеринин эркин калдыктары төмонкүчө болүштүрүлсүн
-арыктарды тазалоого 45,0 миң сом каралсын
-“Гүл Балалык” бала бакчасынын септиктерин оңдоого оңдоого 20,0 миң сом каралсын
-айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин Нооруз жана Эгемендүүлүк күнүнө карата сыйлоого 84,4 миң сом каралсын
-“Гүл Балалык”,”Эпкин-Нур” бала бакчаларынын тамак-ашына -71,0 миң сом каралсын
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нуманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Иманов |