Редакцияот 27.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 27-февралы № 14/II-27  

“Чакан ГЭС жана суу топтомо курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”

 Нурманбет айыл аймагынын жайыт жерлерине кирген Ысык-Ата дарыясынын этегине 3(үч) чакан ГЭСти жана суу топтомо курууга жер тилкесин ижарага берүү боюнча Нурманбет айылдык кенешинин сессиясында “Керамика” ЖЧКнын катын талкуулап айылдык кенеш

токтом кылат.

1.“Керамика” ЖЧКсына 3 (үч) чакан ГЭС жана суу топтомо курууга жайыт жеринен Нурманбет айыл аймагынын жерлерине тиешелүү болгон Ысык-Ата дарыясынын этегинен 5 (беш)га №13,14,15,20 контурлардан 5 (беш)га жайыт жерлери ижарага бөлүнүп берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Иманов