Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 16 /11-27
“Калкка акылуу кызмат көрсөтүүнүн баасын бекитүү жөнүндө“
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында жергиликтүү калкка акылуу кызмат көрсөтүү жөнүндө маселени карап чыгып жана 2007-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы монополияга каршы саясаты жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча Чүй бөлүмүнүн башчысы менен макулдашылган акылуу кызмат көрсөтүү бааларынын прейскурантынын негизинде Нурманбет айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата калкка акылуу кызмат көрсөтүүнүн баалары төмөндөгү тартипте бекитилсин
1.Жашагандыгы тууралуу маалым кат-5 сом
2.Үй бүлө мүчөлөрү жөнүндө маалым кат-5 сом
3.Мал сатууга маалым кат-10 сом
4.Ф-50 маалым каты- 10 сом
5.Айыл чарба түшүмүн сатууга маалым кат-10 сом
6.Турак үйү бар же жок экендиги тууралуу архитектурага жана макатттоого маалым кат-10 сом
7.Жарандарды каттоо жана каттоодон чыгаруу-50 сом
8.Турак үй курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө чечим-100 сом
9.Жер тилкесин менчикке бекитип берүү жөнүндө чечим-100 сом
10.Павильон,күркө,соода жана чарбалык түйүндөрдү орнотууга жер тилкесин берүүгө чечим-100 сом
11.Дыйкан чарбасын түзүүгө чечим-100 сом
12.Жарнак такталарын орнотууга жер тилкесин бекитип берүү жонүндө чечим-200 сом
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Иманов |