Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017- жылдын 28-февралы № 7/ III-27
“Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы, Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2018-2019-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө”
2016-жылдын 16-майындагы № 59 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-беренесинин негизинде Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун жана каржы бөлүмүнүн башчысы Д. Эгемкулованын “Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2018-2019-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндөгү” билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап
Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышынын киреше бөлүмүнүн суммасы 11039,7 миң сом, чыгаша бөлүмүнүн суммасы 13185,1 миң сомго бекитилсин.
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмүнө 9321,7 миң (тогуз млн. үч жүз жыйырма бир миң жети жүз) сом бекитилсин.
Жергиликтүү бюджеттин 2017-жылга карата кирешенин булактары тиркеменин негизинде түзүлсүн.
2017-жылы Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине салык агенттеринин жеке киреше салыгынын жердин астын иштетүү (алтын, нефть, газ иштетүүнү алып салганда) нормативдик түшүүлөрү 50%, чегинде, сатуудан түшкөн салык – 50 %, административдик салык -50 % болуп бекитилсин.
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга бюджетинин негизги параметрлери боюнча болжолу жактырылсын: 2018-жылга карата кирешенин жана чыгашанын болжолунун суммасы 11355,1 миң сом, 2019-жылга карата кирешенин жана чыгашанын болжомолдуу суммасы 11543,7 миң сом
2017-жылга чыгашаларды каржылоо так алынган кирешелердин чегинде аныкталсын. Аны менен катар, биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча чыгашалар (эмгек акы, соц фондго төлөмдөр, тамак-аш) жана коммуналдык төлөмдөр каржылансын. Штаттык сандагы бош орундардын азайып жана көбөйүшү муниципалдык мекемелерде кабыл алынган нормативдик актыларга байланыштуу корголгон беренелердин чыгашалары азайып же көбөйүшү мүмкүн.
2017-жылдын 01-январына карата Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кайтарым акча каражатынан калдыгы 30,0 миң сом болуп белгиленсин.
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысына ашык болжолдонгон кирешелердин түшүшүнө, киреше чыгашадан көп болгондугуна байланыштуу бюджеттик каражаттын эркин калдык эсебинен 2017-жылга бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу берилсин.
Каржы бөлүмүнүн башчысына жергиликтүү бюджеттин аткаруу процессинде киреше бөлүгүн ашык аткаруудан түшкөн каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президенти койгон социалдык маселелерди чечүүгө мамлекеттик жана улуттук программаларын ишке ашырууга, Кыргыз Республикасынын токтомдоруна, райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдоруна муниципалдык кызматкерлерин сыйлоого демилге берүүгө, коммуналдык тейлөөлөрдү, карыздарды төлөөгө, керек болгон учурларда өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуга, ЖӨБО на убактылуу каржылык жардам берүүгө жана башка чыгымдарды жумшоого каралсын.
Каржы бөлүмүнүн башчысы 2017-жылга карата чыгаша сметасын Кыргыз Республикасынын каржы министирлигинин Ысык-Ата райондук бөлүмүнө берсин.
2017-жылга жергиликтүү бюджеттин жалпы көлөмүнүн 1 % чейинки чекте айыл өкмөтүнүн башчысынын резервдик фонду 90,0 миң сом суммасында түзүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов
|