Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-февралы № 11/9
«Жаӊы-Жол айыл аймагындагы Жаӊы-Жол жана Таштак айылдарында жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүү кызматын жакшыртуу боюнча ишке ашкан долбоордун туруктуу иштѳѳсүн камсыз кылуу максатында, акча каражатын бѳлүү жѳнүндѳ»
Күн тартибиндеги «Жаӊы-Жол айыл аймагындагы Жаӊы-Жол жана Таштак айылдарында жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүү кызматын жакшыртуу боюнча ишке ашкан долбоордун туруктуу иштѳѳсүн камсыз кылуу максатында, акча каражатын бѳлүү жѳнүндѳ Жаӊы-Жол айыл аймагында «Жергиликтүү деӊгээлде кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү жакшыртуу» долбоорунун координатору М.Акматовдун жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жергиликтуу айылдык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Жаӊы-Жол айыл аймагындагы Жаӊы-Жол жана Таштак айылдарында жарык берүү ишке ашырылган долбоордун туруктуу иштѳѳсүн камсыз кылуу үчүн 100 (жүз) миӊ сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
2.Жогорудагы акча каражатын мыйзамдуу жана максаттуу чыгымдоо жагы ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3.Аталган токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
4 . Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий
жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |
|
|