Редакцияот 10,02,2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨЛӨЙКӨНАЙЫЛДЫККЕҢЕШ

ТОКТОМ

10.02.2017ж. №30-12

Ош шаардык боорукерлик балдар үйү убактылуу пайдаланып жаткан Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган  жер аянтын кайтарып алуу жөнүндө

Ош шаардык боорукерлик балдар үйү убактылуу пайдаланып жаткан Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 2,87 га жер аянтын кайтарып алуу боюнча Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн орун басары У.Кадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Төлөйкөн айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаардык боорукерлик балдар үйү убактылуу пайдаланып жаткан Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 2,87 га жер аянты Төлөйкөн айыл өкмөтүнө кайтарып алынсын.

2. Бул токтомдун аткарылышы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн орун басары У.Кадыровго жүктөлсүн.

 

Төрага

И.Ажиматов