Редакцияот 10.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Айылдык Кеңешинин сессиясынын XXVI чакырылыштагы

2016-жылдын 10-октябры № 93

2017-жылга 1,2 жана 3-топтогу мүлк салыгын жана жер салыгын колдонууга киргизүү жөнүндө

 

2017-жылдын 1-январынан тартып 2008-жылдын 17-октябрындагы Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Александровка айылдык аймагында жер салыгы (айыл чарба багытындагы жерлерине, айыл чарбага дайындалбаган жерлерине жана короо участкаларын колдонгондугу үчүн жер салыгы) жана 1,2 жана 3-топтогу мүлк салыгы колдонууга киргизилсин.

2017-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 327-беренесине ылайык 1-топтогу мүлккө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 330-беренесинде каралган жеңилдиктерди колдонуусу менен салык салынсын.

Ушул чечим Москва району боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына, Москва райондук Кеңешине жеткирилсин жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айылдык Кеңешинин бюджеттик, социалдык жана этикалык комиссиясынын төрагасы М.Ю.Давузовко жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш. Ягузов