Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кенешинин VI шайланган кезектеги III отурумунун
2017-жыл 8-февраль 3/1
2016-жылдын башында бекитилген айылдык округдун социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы ,социалдык -экономикалык өнүгүү планынын 2017-жылга бекитүү жана 2018-2019-жылга болжолдуу пландарын бекитүү
2016-жылдын башында бекитилген айылдык округдун социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы ,социалдык -экономикалык өнүгүү планынын 2017-жылга бекитүү жана 2018-2019-жылга болжолдуу пландарын бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдун
билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын башында бекитилген айылдык округдун социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы ,социалдык -экономикалык өнүгүү планынын 2017-жылга бекитүү жана 2018-2019-жылга болжолдуу пландарын бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегия планы 2017-жылга жана 2018-2019-жылга болжолдуу пландары бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3.2017-жылдын башында бекитилген айыл округунун социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегия пландарынын 2018-2019-жылдарга болжолдуу пландарын аткаруу боюнча уюштуруучулук иштерди жакшырту, аткаруу айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановко милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Б.Арынбаев |
2016-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландырынын аткарылышы жана социалдык - экономикалык өнүгүү планын 2017-жылга бекитүү жана 2018-2019-жылга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө Н.Матановдун билдирүүсү
Ленин айыл өкмөтүнүн 2016-жыл ичинде социалдык - экономикалык өнүгүү программасы 1 жылга пландаштырылып төмөндөгүдөй иштер аткарылды.:
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2016-жылдын жыйынтыгы менен өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүшүндө ийгиликтер жаралып, негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр өсүш көрсөтүү менен бир топ иштер аткарылды. Жогорку органдардан келип түшкөн жана кабыл алынган токтомдор, буйруктар өз мөөнөтүндө катталып, аткарууга тийиштүү кызматкерлерге өз мөөнөтүндө жеткирилип, аткарылды. Тактап айтканда жогорку органдардан келген токтом, буйруктар 180,, мекеме ишканалардан келген каттар 292 кат, келген арыздар 75. Келген каттар катталып тиешелүү адистерге өз убагында жеткирилип аткарылышы камсыз болду.
Айыл өкмөтүнүн отурумдары жана айылдык Кенештин заседаниелери өткөрүлүп, түрдүү маселелер каралып, мыйзам чегинде чечилип иш алынып барылды.
Жарандык абалдын актыларын каттоодо 205 бала төрөлгөндүгү, өлгөндүгү жөнүндө 38 адам, никелешүү боюнча 65 жаран катталган. Ал эми учеттон чыкандар 29 болсо, учетко тургандар 31 адамды түзөт. Миграциялык абал боюнча айыл өкмөтүнүн тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ленин айылдык өкмөтүндө 3 орто мектеп, 1 баштооч мектеп, 2 балдар бакчасы, 3 китепкана, 2 айылдык клуб, 3 ФАП,1үй бүлөлүк дарыгерлер борбору,1 байланыш бөлүмү, 1 дарыкана бар. Аларда баары 229 киши эмгектенет. Анын ичинен С. Жаанбаев атындагы орто мектебинде 50 мугалим, 16 тех кызматкер, Карыев атындагы орто мектепте 29 мугалим, 9 тех кызматкер. Жээнбеков атындагы орто мектепте 42 мугалим, 12 тех кызматкер. Тооашкан баштооч мектебинде 5 мугалим, 4 тех кызматкер эмгектенишет. Согонду айылындагы «Б. Арзиева» балдар бакчасында 5 тарбиячы, 10 кызматкер, Мурдаш айылындагы «Жоогазын» балдар бакчасында 3 тарбиячы, 7 кызматкер эмгектенет.
БЮДЖЕТ. Толуктоочу грант 6505,6 мин сом.Тоолуу райондорго электр энергисы боюнча компенсациялоо – 766,6мин сом. Эмгек акы боюнча республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке компенсациялоо – 50,6 сом бөлүндү.
САЛЫК. 2016-жылдын жыйынтыгында жергиликтүү бюджетине салык жыйноо боюнча 1936,9 мин сомго план белгиленип, 2362,6 сомго аткарылды башкача айтканда 121,9% ашыкча аткарылуу менен төмөнкүдөй көрсөткүчкө ээ болду.
таблица 1
№ | аталышы | Жылдык план | аткарганы | % |
1. | Киреше салыгы | 698,0 | 799,0 | 114 |
2. | Кыймылсыз мүлк салыгы | 5,8 | 6,7 | 137 |
3. | Патенттик төлөм | 60,0 | 61,1 | 102 |
4. | Транспорт салыгы | 190,0 | 223,8 | 118 |
5. | Физикалык жер салыгы | 124,0 | 125,1 | 101 |
6. | Юридикалык жер салыгы | 24,0 | 37,6 | 156,6 |
7. | Не с/х жер салыгы | 20,0 | 42,1 | 110,5 |
8. | Сатуудан алынуучу салык | 51,0 | 32,1 | 63 |
9. | Кен байлыктардын лицензиясы учун | - | 873,9 | = |
10. | Ички жайыттын арендасы | 20,0 | 72,0 | 360 |
11. | Аренда ФПС | 56,0 | 56,1 | 100 |
12. | Муниципалдык имарат арендасы | 5,0 | 5,0 | 100 |
13. | Гос пошлин | 20,0 | 21,5 | 107,5 |
14. | штраф | 1,0 | 6,5 | 650 |
15 | Калктуу конуштагы жер арендасы | 162,0 | = | = |
16 | родвзнос | 500,0 | 630,2 | 126 |
17. | жыйынтык | 1936,9 | 2362,6 | 121,9 |