Редакцияот 11.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кудук айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги III-сессиясы

 

2017- жыл 11-февраль № 3/1

Нарын райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 03.02.2017-жылдагы №11 катын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аймагындагы малдарды идентификациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана «Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.12.2014-жылдагы №694 жана 27.12.2016-жылдагы №703 токтомдорунун негизинде 2017-жылдын 6-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 03-01/02 протоколунун. Нарын райондук ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 03.02.2017-жылдагы №11 катына ылайык,

 Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кенешинин III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Айыл өкмөтүндөгү малдарды идентификациялоодо бирка 37сом 76тыйын, оператордук кызмат көрсөтүү 2сом 24тыйын, жеке менчик вет. сервистердин кызмат көрсөтүүсү 30сом болуп бекитилсин.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскелдиевге тапшырылсын.

 

Төрагасы:

З. Алдакеев