Редакцияот 01.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жыл 1-март № 11

Кызматтык автомашина жөнүндө

 Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн кызматтык НИВА-ТАЙГА ВАЗ 2121 мамлекеттик номери 1484 NA үлгүсүндөгү автомашинаны мурунку айыл өкмөт башчысы Р.Эсенбеков өңдөтуп берем деп өткөрбөй жаткандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн чарбалык жумуштары токтоп калбаш үчүн жана Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы О.Басылбековдун кайрылуусу боюнча айыл өкмөтүнүн автомашинасынын айдоочусу Рахматов Аманбек Аскербековичтин өздүк автомашинасын айыл өкмөтүнүн чарбалык жумуштарына пайдаланып туруу максатында, Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги III сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн кызматтык НИВА-ТАЙГА ВАЗ 2121

мамлекеттик номери 1484 NA үлгүсүндөгү автомашинасы бузук абалда болуп айдаганга жараксыз болгондуктан айыл өкмөтүнүн автомашинасынын айдоочусу Рахматов Аманбек Аскербековичке өздүк автомашинасын AUDI маркасындагы мамлекеттик номер S 3692 AE убактылуу айыл өкмөтүнүн чарбалык жумуштарына пайдаланып туруу жагы тапшырылсын.

Эмгек-Талаа айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 2017-жылы

транспорт чыгымдары үчүн бөлүнгөн акча каражатты мыйзамдын чегинде пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы О.Басылбековго финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Боогазиевага милдеттендирилсин.

Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,

 emgektalaa.naryn-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Төрагасы:

Н. Абдрасулов