Редакцияот 15.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жыл 15-март № 2

Эмгек-Талаа айыл аймагында маалымкаттарды берүү жөнүндө

Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жыл 5-февраль №80 токтомуна ылайык Эмгек-Талаа айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү маалым каттар акысыз берилсин.

2. Бул токтомго ылайык иш алып баруу жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Моютовго тапшырылсын.

3. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Төрагасы:

Н. Абдрасулов