Редакцияот 07.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алтын-Булак айылдык Кеңешинин 3-чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы

 

2015-жылдын 7-октябры № 36

2015-жылдын 9 айы ичиндеги салык планынын аткарылышы жөнүндө

Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн салык инспектору Б.Мамажанованын 2015-жылдын

9 айы ичиндеги салык планынын аткарылышы боюнча маалыматын угуп, Алтын-Булак айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алтын-Булак айыл өкмөттүн салык инспектору Б.Мамажанованын 2015-жылдын 9 айы ичиндеги планынын аткарылышы боюнча маалыматы “ канааттандырарлык” деп табылсын.

2. 2015-жылдын 9 айы ичинде жеткирилген 371,6 миң сом салык планы 575,5 миң сомго же 151 % га аткарылгандыгы белгиленсин.

3. 2015-жылдын жыйынтыгы менен берилген салык планынын бардык түрлөрүн толук жана ашыра аткаруу боюнча чаралар көрүлсүн.

4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Алтын-Булак айылдык кеңешинин “ бюджет, финансы-экономика боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

С.Саипов