Редакцияот 02.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз XI сессиясы

 

2018-жыл 2-февралы №43

Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айыл тургуну Темиров Урматка «айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүндө жашаган,элге кызмат кылып кадыр баркка татыган атуулдардын эмгегин баалап жакшы наамдарды берүүнү дайым ишке ашырып келет.Ошол максаттагы Большевик айылынын 2018-жылдын 18-январындагы чогулушунун пратоколун карап жана талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын тургуну Темиров Урматка айыл өкмөтүнүн айыл чарбачылыгын , экономикасын көтөрүүгө кошкон салымын жана Большевик айылынын жалпы элинин 2018-жылдын 18-январындагы чогулушунун протоколунун негизинде «Ак-Жар айыл өкмөтөүнүн ардактуу атуулу» наамы берилсин.

 2. Большевик айылынын тургуну У.Темировго «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик ардак такта белгиси тапшырылсын.

 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Тургунбаев