Редакцияот 26.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Дара айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

 

2018-жылдын 26-февралы № 5

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жана 2018-жылга социалдык- экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жана 2018-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги XII- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы көңүлгө алынсын.

2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга социалдык- экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн экономист-статисти К.Курбанбаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

М. Султанов