Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Дара айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-октябрындагы № 61 токтомуна ылайык жокко чыгарылды

 

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

 

2018-жылдын 26-февралы № 11

Чек айылынын түштүк-чыгыш тарабындагы 0,25га жер аянтын муниципалдык менчикке алып, тойкана салуу үчүн аукцион аркылуу сатуу жөнүндө

Чек айылынын түштүк-чыгыш тарабындагы 0,25га жер аянтын муниципалдык менчикке алып, тойкана салуу үчүн аукцион аркылуу боюнча жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чек айылынын түштүк-чыгыш тарабындагы 0,25га жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын жана  тойкана салуу үчүн аукцион аркылуу жеке менчикке сатылсын.

2. Тийиштүү иш-кагаздарын жүргүзүү жагы жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Султанов