Редакцияот 06.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Орозбеков айылдык кенешинин алтынчы чакырылыш кезексиз он сегизинчи сессиясы

 

2018-жылдын 6-марты № 99

Жайыт комитетине АРИС аркылуу каржыланып жаткан беккер чункурун куруу үчүн Кош-Дөбө участкасынан жер ажыратып берүү жөнүндө

Жайыт комитетине АРИС аркылуу каржыланып жаткан беккер чункурун куруу үчүн Кош-Дөбө участкасынан жер ажыратып берүү жөнүндөгү жайыт комитетинин төрагасы Э.Темирбаевдин билдирүүсүн угуп, Орозбеков айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитетине АРИС аркылуу каржыланып жаткан беккер чункурун куруу үчүн Кош-Дөбө участкасынан 300м2 жер аянты ажыратылып берилсин.

2. Жерди максаттуу пайдалануу жана иш кагаздарын даярдоо жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык жана муниципалдык мулкту башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Гапаров