Редакцияот 11.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

 

2018 жылдын 11-майы № 21

Кара-Бак айылдык кеңешинин 09.02.2017-жылдагы № 8 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Баткен райондук прокуратурасынын 07.05.2018-ж №11/473-18 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин 09.02.2017-жылдагы №8 токтому менен бекитилген жер комиссиялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобонун талаптарына ылайык келбегендиктен жокко чыгаруу максатында Кара-Бак айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 9-февралындагы  №8 токтому жокко чыгарылсын.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Каламбеков