Редакцияот 11.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

 

2018-жылдын 11-майы № 27

Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө

Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Курбановдун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2017-жылгы бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга  түзүлгөн бюджеттин сметасы боюнча даярдалган маалыматын угуп жана талкуулап,  Кара-Бак айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2017-жылда каралган бюджетинин аткарылышы айрым кемчиликтер менен канааттандыраарлык деп табылсын.

2. 2018-жылга түзүлгөн бюджеттин сметасында чачылып көрсөтүлгөн акча каражаттары өз багыты боюнча жумшалсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Дарбишовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Каламбеков