Редакцияот 03.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү XXVI сессиясынын

 

2018-жылдын 3-майы №26\4

Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кочкор айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана тиешелүү документтерин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жумалиева Жумабүбүгө, Данияров Молдокмат Данияровичке, Жакыбалиева Минага , Мукашова Жумабүбүгө, Алпамышова Дамирага, Борукчиев Үсөнбек Турсуналиевичке, Бөрүбаева Асылкан Шайдылдаевна, Кожоналиев Каленбек Амановичке, Курманалиев Сарбагыш Эсенгуловичке , Рыскулбекова Света, Жумаев Медет Жумаевичке, Абдылдаева Жамилага, Шаршенова Берметке,Сулайманова Асылга, Сабырова Бүбүалима Асакеевнага, Абдылдаева Юсупжанга Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.

2. Тиешелүү күбөлүктөрүн берүү жагы Кочкор айылдык кеңешинин төрагасы Т.Ж.Балкыбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т.Ж. Балкыбеков