Редакцияот 31.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз XXVII сессиясынын

 

2018-жылдын 31-майы № 27\2

Өнүктүрүү саясат институтунан утуп алган акча каражаты жөнүндө

 «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун конкурсуна катышып, 1 000 000 (бир милион) сом акча каражатын утуп алганын жана ал акчага Большевик айылындагы Наристе-И бала бакчасына кошумча бөлмө салууга, жергиликтүү бюджетке кириштөө жана чыгыштоо жөнүндө билдирүү жасалды. Жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өнүктүрүү саясат институтунун «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунан утуп алган

1 000 000 (бир милион) сом акча каражаты жергиликтүү бюджетке 14411100 статьясына кириштелсин.

2. Өнүктүрүү саясат институтунун «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунан утуп алган 1000 000 (бир милион) сом акча каражатыБольшевик айылындагы Наристе-И бала бакчасына кошумча бөлмө салууга 3111 статьясына чыгышталсын.

3. Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Токтогожоевага- финасылык иштерди жүргүзүү жана өздүк салым үчүн кошумча жүз миң сом акча каражатын которуу милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Төрага

Т.Ж. Балкыбеков