Редакцияот 18.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XII –сессиясынын

 

2018-жылдын 18-апрели № 88

“Арал Сервис” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн токтотуу жана айыл чарба техникаларын ижарага берүү жөнүндө

“Арал Сервис” муниципалдык ишканасынын ишин карап көрүп, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XII –сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

“Арал Сервис” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү токтотулсун.

“Арал Сервис” муниципалдык ишканасына тиешелүү айыл чарба техникалары айыл өкмөтүнүн балансасына калтырылсын

Сервиске тиешелүү айыл чарба техникаларын арендага берүү жагы Арал айыл өкмөтунүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н.Т. Асанов