Редакцияот 14.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз XIII сессиясынын

 

2018-жылдын 14-марты №13/63

Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамына сунуш берүү жөнүндө

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентинин 11-бөлүгүнүн 11.5 бөлүкчөсүнө ылайык Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынына сунуш берүү жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын төрагасы Т.Жумамүдүн уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Булак айыл аймагынан айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылынын тургуну 1949-жылы туулган Ашыралиева Шайырбүбү жана Сары-Булак айылынын тургуну 1957-жылы туулган Токтакиева Жээнбүбү Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамына татыктуу экендиги белгиленсин.

2. Ак-Кыя айылынын тургуну Ашыралиева Шайырбүбүгө жана Сары-Булак айылынын тургуну Токтакиева Жээнбүбүгө Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамын берүү жагы Кочкор районун жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынына сунушталсын

 

Төрага

Т. Жумамүдүн уулу