Редакцияот 02.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги IX сессиясы

 

2018-жылдын 2-августу № 9/5

Ош областынын Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөөдолбоорунбекитүү жөнүндө

Ылай-Талаа айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөөдолбоорунбекитүүжөнүндөЫлай-Талаа айыл ъкмътунун 2018 жылынын чын куран айынын 27-деги № 57-буйругунун негизинде, «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган   Ылай-Талаа айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча материалдарын  карап чыгып, Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык   Ылай-Талаа айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Кужа районун Ылай-Талаа айылдык аймагынын Ылай-Талаа, Сай,  Шаркыратма, Жылкол, Сары-Таш калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөөдолбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары  жактырылсын.

2. Ылай-Талаа айылдык аймагынын Ылай-Талаа, Сай,  Шаркыратма, Жылкол, Сары-Таш калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөөдолбоорубоюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институнун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары Кара-Кужа райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө сунушталсын.

3. Бул токтомду көзөмөлдөөжагы Ылай-Талаа айылдык кеёешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына(търагасы Б.Тоотаев) тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Жолдошов