Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-февралындагы №4
“2017-2021-ж.ж айыл өкмөтүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Курманбек айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы, АРИСтин айылды инвестициялоо долбоорунун ПСИ-3 –этабынын талаптарына ылайык, даярдалуучу долбоору боюнча жумушчу топтун төрайымы К.Амираеванын билдирүүсүн жактырып, 2017-2021-ж.ж. Курманбек айыл аймагынын стратегиялык өнүгүү программасын кабыл алуу үчүн төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айыл аймагынын 2017-2021-ж.ж. өнүгүү стратегиялык планы бекитилсин.
2. Стратегиялык планды аткаруу жагы Курманбек айыл аймагына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курманбек айылдык кеңешке жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы
Курманбек айылдык кеңешинин № III
СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ МЕНЕН БЕКИТИЛГЕН
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы
_______________________ Ч.Тайгараев
01-февраль 2017-жыл
2017 - жылдан тартып 2021- жылга чейинки мезгилде
айылдык аймакты өнүктүрүүнүн стратегиясы жана инвестициялык планы
Курманбек айылдык аймагы
Сузак району
Жалал-Абад облусу
Ушул документ айыл аймактын СИПРМТ иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобу тарабынан айылдык кеңештин депутаттары, жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери менен биргелешип, КРнын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) кызматкерлеринин потенциалды көтөрүү менен консультациялык колдоосу алдында даярдалган
Курманбек айылдык аймагы 2017-ж.
1. өНYГYYНYН КөРYНYШY
1.1. Киришүү
Жакшы жашоого жетишүү, жакшы натыйжаларга жетишүү – бул туура пландаштыруудан көз каранды. Ошондуктан бул түзүлгөн Стратегиялык план элдин турмуш шартын, жашоо деңгээлин жана руханий баалулуктарын жакшыртуу менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ролун жогорулатуу максатын көздөйт.
Курманбек айылдык аймагынын өнүгүү стратегиялык программасы коммерциялык эмес уюмдардын жана коомчулуктардын жашоо турмушун жакшыртуу боюнча топтолгон тажрыйбаларына таянып түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгылды.
Бул планда айыл аймактын айылдарындагы элдик жыйындарда кеңири, байма-бай талкууланып, көйгөйлөр тандалып алынгандан кийин жалпылаштырылды.
Бул өнүгүү багыттарында Курманбек айылдык аймагынын жергиликтүү тургундар өздөрү натыйжалуу иштей ала тургандыгын тастыкташып, көбүрөөк каражат таап, жашоо шартын жогорулатууга шарттарды камсыз кылуу максатын коюшууда.
Курманбек айылдык аймагынын өнүгүү стратегиялык инвестициялык планы айылдык аймактын өнүгүүсүнүн багыты болуп эсептелет, ага жетүүнүн жолдору айылдарда түзүлүп сурамжыланган фокус топтор тарабынан аныкталган көйгөйлүү маселелерди чечүү багытында бир канча иш-чараларды аткаруу аркылуу аныкталды. Баардык аныкталган көйгөйлөр айылдарда өткөрүлгөн жыйындарда, элдик чогулуштарда, айыл аймактын деңгээлинде өткөрүлгөн коомдук угууда талкууланып жана тастыкталып, айылдык Кенештин сессиясында бекитилди.
1.2. Курманбек айыл аймагынын жакынкы келечектеги Көрүнүшү
Курманбек айыл аймагы келечекте – социалдык-коммуналдык инфраструктурасы оңдолгон, айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүүгө багыт алган, билимдуу, ден-соолугу чың жана сергек жашоого, патриоттуулукка тарбияланып өлкөбүздун экономикасынын өсүп өнүгүүсүнө салымын кошкон жаштары бар, айыл жериндеги өздөрүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүгө активдүү катышкан жашоочулар көп болуп, көчөлөрү жарык, жолдору асфальттанган, Жалал-Абад – Балыкчы жолунун жээгинде жайгашып, экономикасы өнүккөн, таза суулары, кооз жерлери, таза абасы, токойлору, эгин талаасы, бийик тоолору, менен көргөн элди суктандырган, чакан жана орто бизнеси өнүккөн, эли байгерчиликте жашаган айыл аймагы болот
1.3. АЙЫЛДЫК АЙМАК жөнΥндө жалПЫ МААЛЫМАТ
1.3.1. Г Е О Г Р А Ф И Я Л Ы К А Б А Л Ы.
Айылдык аймактын түндүк чыгыштан Тогуз-Торо району, түндүктүн Кара-Алма айылдык аймак, түштүк батыштан Көк-Арт айылдык аймак, түштүк чыгыштан Өзгөн району менен чектешет.
Облустун борборунан 46 чакрым алыстыкта жайгашкан.
Райондун борборунан 55 чакрым алыстыкта жайгашкан райондун эң алыскы айылдык аймагы болуп эсептелет.
Жалпы аянты- 231 чарчы км.
Жергиликтүү кенештин тутуму 21 депутат
Калктын саны- 12 667 адам. эркектер-6403 аялдар-6264. Кожолук -2653 түтүн
Курманбек айыл өкмөтү 8 айылды ичине камтыйт.
Алар: Кара-Чолок айылында -2174 адам, 480 кожолук
Таран-Базар айылында – 3145 адам, 699 кожолук,
Жоон-Күнгөй айылында – 3027 адам, 629 кожолук
Калмак-Кырчын айылында- 1613 адам, 314 кожолук
Сары-Булак айылында - 302 адам, 52 кожолук