Редакцияот 08.09.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЬ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 8-сентябрындагы №106/39-6

 

“ Кара-Көл  шаардык кеңешинин 04.07.2016-жылдагы №94/34-6  сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 08.09.2016-жылдагы  чыгыш  № 06-5/2107  сандуу кайрылуу катындагы Тарых жана маданият жылына карата  Кара-Көл шаарынын тарыхы  жөнүндө шаардык маданият бөлүмүнө “Край таануу” музей бурчун   ачуу   үчүн каражат бөлүү маселесин угуп жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз  XXХIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Көл  шаардык кеңешинин 04.07.2016-жылдагы №94/34-6 сандуу токтомунун “Өнүгүү  бюджетинин” РЕЕСТРиндеги  “Каскад жана РЭС, ДЭП-30  мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга”   каралган каражаттын эсебинен 1200,0 миң сомдон ( 1200, 0 миң сом - 541,6 миң сомду – 361,1 сомду кемиткенден кийин) калган 297,3 миң сом калдык  каражаттын эсебинен 224,5 миң сом шаардык маданият бөлүмүнө “Край таануу” музей бурчун   ачуу үчүн   бөлүүгө   макулдук  берилсин.

2. Шаардык каржы бөлүмү (Осмонкулов Ж.Т.) бул токтомго ылайык 2016-жылдын шаардык бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча ШММБнын тиешелүү беренелерине  тактоолорду киргизсин жана мыйзам чегинде каржыласын.

3. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), ШММБна  жана шаардык каржы бөлүмүнө (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Жетешикова  Г.С.) жүктөлсүн.

 

Төрага

М.К.Женбеков