Загрузка документа…
КАРА КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрелиндеги № 82/16-7
«Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды пайдалануунун 2018-жылга бюджети жөнүндө»
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-пунктуна, 10-беренесине ылайык жайыт жерлерин сарамжалдуу жана натыйжалуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды пайдалануунун 2018-жылга бюджети, планы, кирешелер жана чыгашалар сметасы тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин 2018-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү боюнча бекитилсин:
- бодо мал - 100сом;
- жаш бодо мал - 70сом;
- кой, эчки - 20 сом;
- жылкы, эшек 100 сом;
3. Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке чегерүү милдети жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет
5. Бул токтомдун аткарылышы Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине (С.К.Кабылбеков) жана Жазы- Кечүү аймактык башкармалыгынын башчысына (К.А.Таштанкулова), көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( А.К.Чаргынов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |
Тиркеме 1
Бекитилди:
Кара-Көл шаардык кеңешинин
“ 28 ” 04 2018-ж. №82/16-7
токтому менен
Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарындагы Жазы-Кечүү жайыт
пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылдагы киреше жана чыгаша
Малдын түрү | Малдын башы | Жайыт пайдалануу үчүн (башына сом менен) | Жайыт пайдалануу үчүн |
Ири мүйүздүү мал | 690 | 100 | 69000-00 |
Кой | 2610 | 20 | 52200-00 |
Эчки | 2865 | 20 | 57300-00 |
Жылкы | 529 | 100 | 52900-00 |
Күтүлүүч кирешенин жыйынтыгы жалпы: |
| 231400-00 | |
эскертүү: кыйыр салыктарды эске албай, стат.маалыматтарага ылайык түзүлдү
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Статья | Баары 2018-жыл үчүн | Кварталдар боюнча бөлүштүрүлүшү | |||
I | II | III | IV | |||
Айлык акы
| 21111100 | 63000-00 | 00 | 00 | 31500-00 | 31500-00 |
Ишканадан камсыздандыруу үчүн төлөмдөр 17,25% | 21211100 | 10867-50 | 00 | 00 | 5433-75 | 5433-75 |
Командировка чыгымдары
| 22111200 | 10000-00 | 00 | 2000-00 | 4500-00 | 3500-00 |
Башка чыгымдар: телефон, канцелярия
| 22155900 | 3000-00 | 00 | 1500-00 | 1500-00 | 00 |
Инфраструктураны жакшыртууга
|
| 68000-00 | 00 | 68000-00 | 00 | 00 |
Транспорт чыгымдары
|
| 10000-00 | 00 | 00 | 5000-00 | 5000-00 |
Жайыт жери үчүн салык
|
| 77400-00 | 00 | 00 | 38700-00 | 38700-00 |
Баардык чыгымдар |
| 231400-00 | 00 | 71500-00 | 81200-00 | 78700-00 |
Аппарат жетекчинин м.а.: Шералиева Ч.М.
Тиркеме 2
Бекитилди:
Кара-Көл шаардык кеңешинин
“ 28 ” 04 2018-ж. №82/16-7