Редакцияот 30.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 30-мартындагы №01-5/83

Сыйлоо жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги X сесиясы, шаардык Кеӊештин фракцияларынын төрагаларынын жана шаардык Кеӊештин төрагасынын 2017-жыл аралыгында шаарыбыздын социалдык-экономикалык өсүп өнүгүүсүнө кошкон зор салымын эске алып, 2017-жыл «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата шаардык Кеӊештин депутаттарын  Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин «Ардак грамотасы» менен Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына карата салатанаттуу сыйлоого сунушталган сунуштарын угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин фракцияларынын төрагаларынын сунушу эске алынсын.

2.    Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына жана 2017-жыл «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата шаарыбыздын социалдык-экономикалык өсүп өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн шаардык Кеӊештин төмөнкү депутаттары Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин «Ардак грамотасы» менен сыйлансын.

- Атчабарова Замира Калиевна

- Мамадияров Талайбек Мажитович

- Мамашов Асилбек Адилжанович

- Таштемиров Адылбек Асилбекович.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

Я.Т. Абдурахманов