Редакцияот 04.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 4-апрелиндеги №01-5/90

Сыйлоо жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясына караштуу Коомдук алдын алуу Борборунун төрагасынын, 2017-жыл аралыгында шаарыбызыдын өсүп өнүгүүсүнө, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыӊдоого, үрп адаттарды тарыхый жактан чыӊдоого, ыймандуулука үйрөтүү жана коомдук тартиптин алдын алуу чараларына активдүү катышкандыгы үчүн, «2017-жыл ыйман, адеп жана маданият» жылына карата коомдук алдын алуу борборунун кээ бир мүчөлөрүн Эгемендүүлүк күнүнө карата 31-август күнү салтанаттуу түрдө «Ардак грамота» менен сыйлоону сунуштаган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Коомдук алдын алуу Борборунун төрагасы Артыков Базаркулдун, коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрүн, Эгемендүүлүк күнүнө карата 31-августа салтанаттуу түрдө «Ардак грамота» менен сыйлоону сунуштаган кайрылуусу эске алынсын.

2.     Коомдук алдын алуу борборунун төмөндөгү мүчөлөрү, 2017-жыл аралыгында шаарыбызыдын өсүп өнүгүүсүнө, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыӊдоого, үрп-адаттарды тарыхый жактан чыӊдоого, ыймандуулука үйрөтүү жана коомдук тартиптин алдын алуу чараларына активдүү катышкандыгы үчүн Эгемендүүлүк күнүнө карата 31-августа салтанаттуу түрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын «Ардак грамотасы» менен сыйлансын.

- Дарманкулов Аскарали                Аксакалдар сотунун төрагасы;

- Нышанов Таирбек                        Шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы;

- Курбаналиев Жолдошали             Эл башы;

- Артыков Базаркул                        Коомдук алдын алуу борборунун башчысы;

- Мусабекова Калдаркан                 Коомдук алдын алуу борборунун катчысы:

3. Тоткомдун аткарылышын камсыз кылууну мэриянын социалдык бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеӊештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Я.Т. Абдурахманов