Загрузка документа…
КАРА КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрелиндеги № 75/16-7
“Кара-Көл шаарынын аксакалдар сотунун жобосун бекитүү жөнүндө”
Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун төрагасы Э.О.Кошалиевдин “Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун жобосу жөнүндө” жобону бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун Кара-Көл шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.С.Эшенкуловдун маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын №113 “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун төрагасы Э.О.Кошалиевдин “Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун жобосу жөнүндө” жобону бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусу, Кара-Көл шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.С.Эшенкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. “Кара-Көл шаардык аксакалдар соттору жөнүндө” жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кара-Көл шаардык кеңешинин аппараты бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинен каттоодон өткөрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |
Тиркеме 1
Бекитилди:
Кара-Көл шаардык кеңешинин
28.04.2018-ж. №75/16-7 токтому менен
Кара-Көл шаардык аксакалдар сотторунун
1. Жалпы жоболор
2. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотторунун негизги милдеттери
3. Аксакалдар сотторунун иштерди ( материалдарды) кароосунун тартиби
4. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун чечими
5. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун чечимдерине даттануунун жана анын аткаруунун тартиби
6. Аксакалдар сотторунун башка органдар менен өз ара мамилеси
7. Аксакалдар сотторун материалдык –техникалык жактан камсыз кылуу
1.Жалпы жоболор
1.1.Кара-Көл шаардык аксакалдар сотторунун жобосу 2002-жылдын 5-июлундагы № 113 “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан нормативдик-укуктук акт болуп эсептелет.
Аксакалдар соттору жөнүндө жобо депутаттардын Кара-Көл шаар аймагынын Кара-Көл шаардык кеңеши тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет. Бул жобо бекитилгенге чейин шаардык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясынын кароосунан өтөт. Кара-Көл шаарынын прокурору, соту, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы менен макулдашылат.