Редакцияот 08,05,2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

Кашка-Жол айылдык кеңешинин (VI шайланган ) кезексиз VIII сессиясы

 

2018-жыл 8-майы №8/2

Кашка-Жол айыл аймагына караштуу Жаңы-Талап айылынын тургуну Токоев Айбекке "Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу жѳнүндѳ

 

Кашка-Жол айылдык кеңешинин ( VI-шайланган ) депутаттарынын кезексиз VIII сессиясы, Кашка-Жол айылдык кеңешинин ѳз алдынча башкаруу жааматынын "Айылдын ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу жобосуна ылайык 30.04.2018-жылдагы элдик жыйындын №5 протоколун эске алып, Жаңы-Талап айылынын тургуну А. Токоевди аталган наамга көрсѳткѳн сунушу менен таанышып чыгып Кашка-Жол айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жаңы-Талап айылынын тургуну Токоев Айбекке айылдын ар тараптуу ѳнүгүшүнѳ кошкон салымы, айыл калкынын социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнѳ, турмуш-тиричилик деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнѳ кошкон салымы, калк арасында урмат сыйга ээ мыкты сапаттары, үзүрүлүү эмгеги менен башкаларга үлгү кѳрсѳткѳндүгү үчүн "Айылдын ардактуу атуулу " наамы ыйгарылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Кашка-Жол айылдык Кеңешинин тѳрагасынын орун басары З. Калмурзаевага тапшырылсын.

 

Тѳрага

Т. Оморов.