КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин (VI шайланган ) кезексиз VIII сессиясы
2018-жылдын 8-майы №8/5
Кашка-Жол айыл аймагына караштуу Тоготой айылындагы кѳпүрѳѳгѳ согуштун жана эмгектин ардагери Үмѳталиев Турсункулдун ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ
Кашка-Жол айыл аймагындагы Тоготой айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын 2018-жылдагы №4 Протоколу боюнча Тоготой айылынын башчысы Т. Жээналиевтин маалыматын угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Жол айыл аймагындагы Тоготой айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын 2018-жылдагы №4 Протоколу бекитилсин.
2. Тоготой айылындагы кѳпүрѳѳгѳ согуштун жана эмгектин ардагери Үмѳталиев Турсункулддүн ысымы ыйгарылсын.
3.Үмѳталиев Турсункул атындагы кѳпүрѳѳнүн кѳрнѳгүн илүү жана абалын карап туруу жагы балдарына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Тоготой айылынын айыл башчысы Т. Жээналиевге тапшырылсын.
Тѳрага | Т. Оморов. |