Редакцияот 25.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXсессиясы

 

2018-жылдын 25-майы №20/1

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө

 

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жобосунун V бөлүгүнүн 5.8 бөлүмчөсүнө ылайык, Кочкор райондук аймактык шайлоо комиссиясынын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын-Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү 2018-жылдын 25-май күнүндогү протоколунун негизинде Кара-Сууайыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына Молдогазиев Максатбек Аманкулович шайлансын.

2.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

Тѳрага

Т. Курткаев