Редакцияот 06.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2018-жылдын 6-марты №12/4

Айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин спец техникаларын «Эл-Баксын» муниципалдык ишканасынын пайдалануусуна өткөрүп берүү жөнүндө

 

Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин иш планына ылайык, айылдык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин спец техникалары «Эл-Баксын» муниципалдык ишканасынын пайдалануусуна өткөрүлүп берилсин.

2. Техникаларды муниципалдык ишканага өткөрүп берүү боюнча курамы үч адамдан турган депутаттык комиссия түзүлсүн, комиссиянын курамына төмөндөгү адамдар киргизилсин.

* Байматов Ишеналы

* Жумалиев Жаныбек

* Кожоев Бакытбек

3. Спец техникаларды 01-апрель 2018-жылга чейин өткөрүп берүү жагы түзүлгөн комиссиянын курамына жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Эл-Баксын» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э Жаңыбаевке милдеттендирилсин.

5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын,ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А Касейиновко жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Ж. Дүйшеев