Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 11-апрели №12-7
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүүөзалдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Ош облусунун Ноокат районунун Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депуттардан түшкөнсын-пикир, сунуштарын эске алып, Т.Кулатов атындагы айылдык аймактын айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын корутундусун угуп, Т.Кулатов атындагы айылдык аймактын айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүүөзалдынчабашкаруужөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктунатаянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемедеги Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы жаңы редакцияда бекитилсин.
2. Бул токтом жана Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб- сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүжагы Т.Кулатов атындагы айылык аймактын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Т.Кулатов атындагы айылдык аймактын айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 10-мартындагы №32-5 “Т.Кулатов атындагы айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын типтүү Уставын бекитүү жөнүндө”токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов атындагы айылдык аймактын айылдык кенешинин Мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өзалдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|
| Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 12-7 токтому менен бекитилди
|
Ош облусунун Ноокат районунун
Т.Кулатов атындагы айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын
I. Жалпы жоболор
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
III. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
V. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
VI. Корутунду жоболор
I. Жалпы жоболор
1. Жалпы жоболор
1.1. Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав Т.Кулатов атындагы айылдык аймагында колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар, айыл аймагынын чегинде туруктуу жана убактылуу жашаган адамдарды кошкондо, жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат: