Редакцияот 27.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

 

2018-жылдын 27-февралы №6

Кара-Бак –Баткен авто жолун №2 жол тейлөө мекемесине өткөрүп берүү жөнүндө

 

Жалпы узундугу 8110 метр болгон Кара-Бак – Баткен автожолун (19,46 га) №2 жол тейлөө мекемесине өткөрүп берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак – Баткен автожолун Баткен райондук №2 жол тейлөө мекемесинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Тийиштүү болгон документтерин даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А. Каламбеков