Редакцияот 09.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

Кашка-Жол айылдык Кеңешинин кезектеги XIII сессиясынын (V шайланган) жыйналышы

 

 

2015-жылдын 09-сентябры №13/1

Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2015-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери жөнүндө Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбектин отчету

 

     Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын 31-беренесинин 6-пункутуна ылайык Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2015-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбектин отчетун угуп жана талкуулап, Кашка-Жол айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2014-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбектин отчету канаттандырарлык деп табылсын.

2. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбекке:

- айыл өкмөтүнүн аймагын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык жана социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу:

- айыл өкмөтүнүн аймагын социалдак-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор, коомдук уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алуу:

- калкты таза суу, сугат суу менен камсыз кылуу, жайыттарды, эгин талааларды коргоону жөнгө салуу жана сарамжалдуу пайдалануу:

- ички жолдорду, көпүрөлөрдү тартипке келтирүү сыяктуу масселелерди колго алуу жактары эске алынсын.

3. Бул токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлгө алуу жагы Кашка-Жол айылдык Кенешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Тѳрага

Абдырахманов Б.