Редакцияот 18.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

Кашка-Жол айылдык Кеңешинин кезектеги XV сессиясынын (V шайланган) жыйналышы

 

 

2015-жылдын 18-декабры №15/1

Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2015-жылдын 9 айында жүргүзгөн иштери жөнүндө Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбектин отчету

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2015-жылдын 9 айында жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбектин отчетун угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

4.    Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн социалдык –экономикалык жактан онуктуруудо 2015жылдын 9 айында жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбектин отчету канааттандыраарлык деп табылсын.

5.    Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбекке:

-        айыл өкмөтүнүн аймагын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планын ишке ашыруу;

-        айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор, коомдук эмес уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алуу;

-        калкты таза суу, сугат суу менен камсыз кылуу, жайыттарды, эгин талааларды коргоону жөнгө салуу жана сарамжалдуу пайдалануу;

-        ички жолдорду, көпүрөлөрдү тартипке келтирүү сыяктуу маселелерди колго алуу жактары эске алынсын.

6.    Бул токтомдун аткарлышын көзөмөлгө алуу жагы Кашка-Жол айылдык Кенешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Тѳрага

Абдырахманов Б.