Редакцияот 04.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы 

 

2018-жылдын 4-апрели №12/2-1

Жарандардан келген арыз-даттанууларды кароо жөнүндө

 

Орто-Нура айылынын тургуну Кыргызбаев Айбек Нарынбековичтин арызын угуп, жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Орто-Нура айылынын тургуну Кыргызбаев Айбектин атасы Кыргызбаев Нарынбектин өндүрүштүк кырсыктан каза болгондуктан үй-бүлөөсүнө берилүүчү жөлөк пулун жана зыяндын ордун толтуруу өлчөмдөрүн эсептөө комиссиясынын 8-август 2016-жылдагы №1 протоколу боюнча 2 балага бере турган жөлөк пулга Чет-Нура айыл өкмөтүнүн бюджетинин мүмкүнчүлүгү жок дотацияда отургандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жардам берүү жагы суралсын.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мүсүркановго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Т. Сыдыкбеков