Редакцияот 04.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы 

 

2018-жылдын 4-апрели №12/4

Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Орто-Нура айылындагы Коенду колот ички жайыт участкасына мараторий жарыялоо жөнүндө

 

Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Орто-Нура айылынын Коенду колот участкасындагы жерлер айыл тургундары алыскы жайытка көчпөгөндүктөн жерлер деградацияга учурап, мараторий жарыялоо сунушу түшкөндүктөн, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура айылындагы Коенду колот участкасына жайыт жерлер деградацияга учурагандыктан, жайыт башкаруу планынын жана элдин макулдугу менен 1.01.2021-жылга чейин 3 жылга мараторий жарыялансын.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана мыйзам чегинде иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин. 

 

Тѳрага

Т. Сыдыкбеков