КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIX сессиясы
2016-жылдын 21-сентябры №29/10
Катраң айылынын Шайтан-Көл участкасына калкты тейлөөчү жана кызмат көрсөтүүчү жайларды курууга жер ажыратуу жөнүндө
Шайтан-Көл участкасына калкты тейлөөчү жана кызмат көрсөтүүчү жайларды куруу үчүн жер участок ажыратуу максатында Катран айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катраң айылынын Шайтан-Көл участкасынан калкты тейлөөчү жана кызмат көрсөтүүчү жайларды куруу үчүн жер участок ажыратылып берилсин.
2. Бардык талаптарды сактоо менен тиешелүү документтери даярдалып, аукцион аркылуу сатылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн жер адиси Н. Салимбековго тапшырылсын.
Тѳрага | Акматов А. |
|
|