Редакцияот 03.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын VI сессиясы

 

2018-жылдын 03-апрели №47

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын СПАнын 2017-жылда аткарган иштерин 2018-жылда аткара турган иштерин, иш планын кароо жөнүндө

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында СПАнын 2017-жылда аткарган иштеринин маалыматы итшинде кетирген кемчиликтери менен катарлаш каралып жактырылсын.

2.     2018-жылга СПАнын иш план графиги кошумча толуктоолор менен бекитилсин.

3.    СПАнын төрагасы Т. Азимжанов ар бир суугат суу алуучу канал арыктарга мураптарды дайындоо, суугат суунун графигин түзүү жана канал арыктарын тазалатып оӊдоо жагы милдеттендирилсин.

4.    2017-жылы өндүрүлбөй калган суугат суунун акысын 2018-жылдын суугат суусунун акысы менен бирге өндүрүү жагы СПАнын төрагасы Т. Азимжановго милдеттендирилсин.

5.    Үч-Терек, Ничке-Сай, Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттөрдүн ортосундагы суугат сууну пайдалануу графигин түзүү жагы айыл өкмөт башчысы А. Бекишовго милдеттендирилсин.

6.    2018-жылдын жазгы, жайкы, күзгү суугат иштерин өз мөөнөттөрүндө дыйкандарга суугат сууну толук кандуу камсыздап берүү жагы СПАнын төрагасы Т. Азимжановго милдеттендирилсин.

7.    Т. Азимжанов КР нын суугат сууну пайдалануу мыйзамдарына ылайык иш алып барсын.

8.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Ө.Т. Төрөкуловко тапшырылсын.

9.    Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

10. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

Тѳрага

Г.Б. Сманова